29-июль күнү болжолу саат 9:00дө Орто-Сай айылында жардыруу болгон.

Анда прокурор Эркин Курманалиев жабыр тарткан.

Ал колунун билегинен ылдый жана оң көзүнөн айрылган.

Саламаттыкты сактоо министирлигинен билдиришкендей, жабырлануучу дарыланууну Москвадан улантууну өзү чечкен.

«Прокурор бир көзүнөн айрылган. Экинчи көзү да маселе жаратууда. Эгер жасалма кол салдырууну чечсе, анда протезди бир гана чет өлкөдөн салат»,- деп билдиришти министирликте.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү