Жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы менен 20 салык кызматкерине тартиптик жаза чаралары колдонулду.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, 1 кызматкерге ээлеген кызматына ылайык келбестиги тууралуу эскертүү берилип, 4 кызматкерге катуу сөгүш, 7 кызматкерге сөгүш жарыяланды. Дагы 8 кызматкер эскертүү алды.

Мындай жаза чаралары жарандардан түшкөн 7 кайрылууну текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынды.

Бөлүшүү