Кыргызстандын 18 ишканасы ЕАЭБге товар жөнөтө ала турган компаниялардын тизмесине киргенин экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков маалымат жыйында белгиледи.

Анын билдирүүсүндө, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушун инвесторлор жактырат.

«Бул — өлкөнүн өнүгүүгө жол алганын айгинелейт. Биримдикте Кыргызстан үчүн чоң рынокко жол гана ачылбастан, инвестициялык потенциал да жогорулады. Евразиялык Экономикалык комиссия жакында Вьетнам менен келишим түздү. Алдыда Израил турат», — деди Сазбаков.

Ал биримдикке карабастан өлкө Кытай менен кызматташуусун кеңейтип жатканын белгилеп, жарым жылда алардан 500 млн доллар инвестициядан түшкөнүн билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү