Кыргызстандын жараны жасалма документ менен наристени Москвага алып кетүүгө аракет кылган.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-ноябрда Ош аба майданынан Москвага уча турган жүргүнчүлөрдү каттоо маалында чек арачылар жаш курагы кичүү баланын күбөлүгүн көрсөтүү менен наристени өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылган адамды кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган адам УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү