4-июлдан тартып Кыргызстанда “Жаш Булак” лагери өтөт. 600 адам Кегети капчыгайында чыгармачылык, бизнес, инновациялар жана медиа тармактарындагы мыкты спикерлерден сабак алышат.

Лагерь 4 агым менен уюштурулат. 4-9-июлда тарых, маданият жана чыгармачылык багытындагы тренинг, семинар жана оюндар өтөт.

11-16-июлда бизнес жана ишкерликти өздөштүргүсү келгендер окушат. 18-23-июлда илим жана инновация боюнча өтсө, 25-30-июлда медиа жана журналистика багытында болот. Жалпысынан 50дөн ашуун тажрыйбалуу спикер катышмакчы.

Лагерге катышуу шарттары жана башка маалымат http://jashbulak.jashtyk.kg сайтында жайгашкан.

Saat.kg — лагердин медиа өнөктөшү.

Бөлүшүү