Жаш жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору жактырылды.

Аны 3-октябрда ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 3-окууда карап, талкуусуз кабыл алды.

Мыйзам долбоору депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова, Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев  тарабынан демилгеленген.

«Аталган мыйзам долбоорунда Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, жашы жетпегендер менен диний нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери менен ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылат,- деп көрсөтүлүүдө.

Бөлүшүү