Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Орусиянын Саханын (Якутия) мамлекеттик жыйынынын (Ил Түмэн) төрагасы Александр Жирковду кабыл алды.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Чолпон-Атада өтүп жаткан көчмөндөр оюндарына кесиптешинин келгени үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттик алакалар тууралуу маалымат алмашты.

Кезегинде Жирков Кыргыз ССРБинин алгачкы жетекчилеринин бири болгон Максим Аммосовдун 120 жылдыгына карата 2017-жылдын жай айларында Сахада боло турган иш-чараларга кыргыз делегациясын да күтөөрүн билдирип, мааракенин алкагында өтүүчү Кыргызстандын маданий күндөрүнө чыгармачыл инсандар да чакырыларын айтты. Ошондой эле улуу коомдук ишмердин мааракесин татыктуу белгилөө максатында Кыргызстанда да уюштуруу комитетин түзүүнү сунуштады.

Ал эми төрага Турсунбеков сунуштар эске алынаарын, бул боюнча өкмөт менен биргеликте атайын иш- чаралар иштелип чыгарын ишендирди.

Бөлүшүү