Мыйзам долбоор 2-окууда каралды.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Махабат Мавлянова баяндама жасады.

Мыйзам бул долбоору санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасына ылайык иштелип чыккан.

“Электр жана почта байланыштары жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан түзөтүүлөр бул мыйзамдардын аракет кылуу чөйрөсүн так аныктоого багытталган. “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги аткаруу үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу (чыгаруу) укугун бөлүштүрүү зарылдыгына байланыштуу.

Мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөр радиожыштык спектрин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ошондой эле сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдонуу чөйрөсүн так аныктоо максатын көздөйт, бул Кыргыз Республикасында санариптик телекөрсөөтүүнүн өнүгүшүн олуттуу тездетишине мүмкүндүк берет. Андан тышкары, мыйзамда телерадиоберүү системасынын субьектилерин так чектөө сунушталууда, бул алардын ишмердигин, ошондой эле жоопкерчилигин аныктоого мүмкүндүк берет. Демилгеленип жаткан бул өзгөртүүлөр телерадио уюмдарына улуттук аудиовизуалдуу продукцияларды чыгарган студия-өндүрүүчүлөргө, өз кезегинде жаңы индустриянын өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө – көз карандысыз продакшн-студиялар даярдаган ата-мекендик өндүрүштөгү программа жана берүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келет.

Талкууда депутат Акылбек Жапаров радиожыштык спектрлерин жеке жактарга түбөлүккө берилбестигин, белгилүү бир мезгилген чейин гана берилиши керектигин тактады. Санариптик берүү жаатында олуттуу мыйзам долбоору сунушталып жаткандыгына токтолгон депутат Наталья Никитенко аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуш кылды.

Бөлүшүү