КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова аталган пансионаттарды мугалимдердин эс алуусу үчүн өткөрүп берүүнү парламенттик жыйында сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, билим берүүчүлөрдү Мугалимдер күнүндө гана эстеп калбаш керек.

“Көпчүлүк бөлүмдөрдүн өздөрүнүн эс алуучу жайлары бар. Жогоруда аталган пансионаттарды өткөрүп берүүнү суранам. Мугалимдер ал жерден эс алып, семинар жана башка иш-чараларды өткөрүп турушат эле. Алардын деле Ысык-Көлдө өздөрүнүн пансионатында эс алууга укугу бар да”, -дейт депутат.

Ал бул маселенин негизинде өкмөткө да кайрылган, бирок жооп болбогонунун кошумчалады.

Бөлүшүү