Эл аралык уюмдардан насыя алуу боюнча мыйзам долбоору үч окууда тең жактырылды.

  • Келишимдерге ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга $45 млн бөлүп берет. Анын $38,25 миллиону 0,75% менен 40 жылга берилет.
  • Европа инвестициялык банкы 70 млн которот. Ал 10 миллиондук транштар менен бөлүп берилет. Пайыздык чени ар бир транш сайын өз алдынча эсептелет. Карызды 29 жылда кайтарып берүү керек болот.
  • Ислам өнүктүрүү банкы 25 жылга 1,5%дык чен менен 50 млн доллар бөлүп берет.

“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААК кредиттердин баарын 15 жылдын ичинде төгүп бүтүүнү көздөйт. Киреше электр энергиясын сатуудан түшүп турат деп пландаштырылган.

CASA-1000 долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азияны бириктирген жогорку вольттогу электр зымдарын курууну көздөйт. Ал жайкы мезгилде Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо үчүн ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы баасы 1 млрд долларды түзөт.

Бөлүшүү