Бүгүн Жогорку сот жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү боюнча соттук коллегиясы Ахматбек Келдибековга карата ишти карады.

Анда Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмүн жана аныктамасын күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык соту Келдибековду кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен күнөлүү деп таап,  50 000 эсептик көрсөткүчтө айып салган. Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө менен 100 000 эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

Ал эми 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ЖКнын экс-спикери Ахматбек Келдибековго карата өз өкүмүн чыгарган. Ага сот 30 000 эсептик көрсөткүчтө айып салган.

Бөлүшүү