Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи айлампасынын жыйынтыгында 1831 абитуриент кабыл алынды.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, 2-турга каралган бюджеттик орундардын 84 %ы толду. Былтыркы жылы 78 %ы толгон.

Абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру бүгүндөн башталып, 30-июлга чейин созулат.

2016-жылы ЖОЖдорго кирүү үчүн сынакка жалпы 26 миңдей абитуриент катышкан.

Бөлүшүү