Журналист Дайырбек Орунбековдун айтымында, сот Зульфия Сагитова анын катышуусу жок чечим чыгарып салган.

“Былтыр Аламүдүн райондук соту президент Алмаз Атамбаевдин кадыр баркын коргоп мага карата 2 млн сом моралдык чыгым талап кылган. Башкы прокурордун арызын толугу менен канааттандырган. Мен, Аламүдүн райсотунун чечимин кийин Чүй облустук сотуна жокко чыгаруу боюнча арыз менен кайрылып, бирок облус соту да күчүндө калтырган. Жакында райондук жана облустук соттун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылдым. Бирок, арыз берүү мөөнөтү өтүп кетиптир деп арызымды четке кагышты”, — деди ал.

Ал мыйзамда көрсөтүлгөн жана жол берилген беренелерди колдонуп өтүп кеткен мөөнөтүн кайра калыбына келтирип берүү боюнча Аламүдүн райондук сотуна арыз жазган.

“Мага 17-октябрда соттук отурумга чакыруу келди. Чакырууда соттук отурум 12-октябрда белгиленген экен, мага 5 күн кечигип келди. Бүгүн Аламүдүн райондук сотуна кабар алганы барсам, 7-12-октябрда соттук отурум болуп, менин арызмыды четка кагыптыр. Мен, муну Конституциялык укуктарымды тепселеп жана соттук отурум эрежеси бузулган деп эсептейм”, — дейт.

Журналист ага кабар бербей өз алдынча чечим чыгарышканына нааразы.

“Менин укуктарымды бузган сот Зульфия Сагитованын үстүнөн жогорку турган сотторго, соттор кеңешине арыз жазам”, — дейт Орунбеков.

Орунбеков 2010-жылдагы Ош коогалаңына саясий баа берүү боюнча макаласы үчүн соттолуп, президент Алмаз Атамбаевдин пайдасына 2 млн сом моралдык чыгым төлөп, андан тышкары Кыргызстандагы маалымат каражаттарынан андан кечирим суроого милдеттендирилген. Жакында Орунбеков президенттен кечирим сурабай жатат деген негиз менен «сот чечимин аткаруудан баш тартты» беренесине такап журналистке кылмыш иши козголгон.

27-октябрда Октябрь райондук сотунда ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурум башталат. Сот чечимин аткаруудан баш тарткан убакта колдонуулучу 338-беренеде адамдын эркиндигин 2 жылга чектөө жазасы каралган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү