Кайрылууда жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамын өзгөртпөө тууралуу жазылган.

Журналист Нарын Айып маалымат жыйынында чындыкты айткан журналисттерге чектөө болсо, анда алардын ордун бийликчил кабарчылар ээлей турганын айтты.

Ошондой эле, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр бардык ЖМКларга тиешелүү деп белгиледи.

Ал эми журналист Азамат Тынаев бул мыйзам долбоорун журналисттердин артынан урулган бычак катары баалады.

Мыйзам долбоору 22-июнда парламенттик жыйында биринчи окууда жактырылган.

Демилгечилеринин бири Кожобек Рыспаев телеканалдардын 65% Кыргызстандан каржыланышы керек деп түшүндүргөн. Калган 35% чет өлкөдөн каржыланса болот.

Ал буга чейин ЖМК тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек экенин айткан. Коомчулук жана айрым депутаттар депутаттын бул демилгесин «Азаттык» радиосуна каршы көтөрүлдү деп баалашат.

Бөлүшүү