Коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов «Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө» аттуу эмгегинде улуттук-боштондук кыймылынын өбөлгөлөрүн, себептерин, жүрүшүн, натыйжаларын терең талдоодон өткөргөн. Көтөрүлүшкө улуттук-боштондук мүнөзүн берип, антиорустук кыймыл деп атаган. 

Ошондой эле, ал 1916-жыл каргашалуу окуяларды мүнөздөгөн.

«Фольбаум менен Куропаткин кыргыз калкынын тукумун курут (геноцид) кылыш үчүн стратегиялык план иштеп чыгышкан», — деп эң негизги эки мисалды келтирген.

Көтөрүлүштүн көбөйүшүн алдын алуу

Жети-Сууда көтөрүлүш башталаары менен эле анын бүт Түркстанга тарашынан корккон падыша өкмөтү Германия менен согушуп жаткан армиядан генерал А. Н. Куропаткинди чакыртып, аны Түркстандын генерал-губернаторлугуна дайындаган.

Түркстандагы куралдуу күчтөрдүн баарын аталган облустагы көтөрүлүштү басууга жумшаган. Жалпысынан алганда, Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан генерал-губернаторлугунун аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген. Алардын 1105 атчан аскерлер болгон. Кийинчерээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерлерден 2 орус-казак полку, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек жана 47 пулемёт кошумча жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, келгин дыйкандардын 43 пайызы буга чейин эле куралдандырылган эле.

Ал эми кыргыздарда союл, чокморлор менен куралданган, башкарган жетекчилиги жок массалар турган.

1916-жылы 15-августта Жети-Суу облусунун аскер-губернатору М. А. Фильбаум орус дыйкандарынан көтөрүлүшчүлөрдү басуу үчүн атчан жана жөө кошуундарды түзүү жөнүндө көрсөтмө берген. Түркстандын генерал-губернатору А. Н. Куропаткин көтөрүлүшчүлөрдү жазалоону жеңилдетүү үчүн 1916-жылы 12-августа убактылуу аскер талаа сотторун түзүүгө буйрук берген.

Падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз басууга, жергиликтүү элди кырып-жоюп, мал-мүлкүн тоноп, айылдарын өрттөөгө көрсөтмө берген. Ал эми аскер-талаа соттору көтөрүлүшкө катышкандарды атууга өкүм чыгарышып, ошо замат өкүмдү аткарып турган.

Жазалоочу отряд жана аларга жардам берген келгин дыйкандар көтөрүлүшчүлөрдү гана эмес, көтөрүлүшкө катышпаган тынч элди, кары-картан, жаш балдарды, аялдарды кыргынга учураткан.

Жан далбастап Кытайга качкан кыргыздарды жазалоочу отряд менен келгин дыйкандардын кошуундары сая кууп, жеткен жерден кырып, мал-мүлкүн талап жүрүп отурушкан. Үркүн кыш мезгилине туура келип, далай адамдар ак кар, көк муз баскан белдерден өтө албай кыргынга учураган. Генералдардын тукум курут кылуу үчүн стратегиялык планына ылайык үрккөн адамдар качып кетиши мүмкүн, бирок тоо өткөөлдөрүн жана ашууларын тосуп таштоо алдьн ала каралган. Жазалоочу отряддар Ысык-Көл ойдуңунда, Чүй жергесинде, Жумгалда, Нарында, Көк-Артта, Каркырада кыргыздарды кекиликтей кууп жүрүп атышкан.

Куткарылгандардан кутулуу

Кытайга качпай калып кеткен кыргыздарды бүтүндөй тукум курут кылуу стратегиялык планын иштеп чыгышкан. 1916-жылы 16-октябрда Алматыда өткөрүлгөн кеңешмеде кыргыздардын акыркы калган жерлерин тартып алып, аларды ачарчылыктан тукуму курут кылууну пландаштырышкан.

Китепте Куропаткин менен Фольбаум мындай көрсөтмө бергени жазылат:

Көтөрүлүштүн жол башчыларын терип кыруу зарыл. Ага катышкан массаны кечирип коюуга да болот, бирок козголоңчулар орустардын канын көп төккөн Пишпек уездинин Загорский бөлүгүндөгү бардык болуштагылар жазаланат. Көл калаасы жана Кемин өрөөнүнүн жерлери кыргыздардан түбөлүккө тартып алынат. Ал жерлердеги кыргыздар Нарын аймагындагы тоолорго сүрүлүп чыгарылат. Козголоңчуларды минтип катуу жазалоо — аларды жерден кол жуудуруу, кыргыздардан татыктуу өч алуу болуп саналат.

Ал мезгилде Нарын аймагында да ыңгайлуу жерлер эбак орус дыйкандардын колунда эле. Ошондуктан, кыргыздар Нарындын бийик тоолорунда ачкадан кырылып, тукум курут болушмак.

Бөлүшүү