23-июнда академик Какин Сулайманкулов менен коштошуу зыйнаты өтөт

Автор -
351

23-июнда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, белгилүү окумуштуу, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги Какин Сулайманкулов менен коштошуу зыйнаты өтөт.

Илимпозду акыркы сапарга узатуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясында 09:00дө башталып, коштошуу зыйнатына Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана окумуштуунун жакындары катышышат.

Эскертсек, кечээ белгилүү окумуштуу, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги Сулайманкулов Какин Сулайманкулович дүйнө салды.

Какин Сулайманкулович Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” сыйлыгынын  ээси болгон.

УИАнын жалпы эмгек жамааты көрүнүктүү илимпоздун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бөлүшүү