Алмазбек Атамбаев: УКМК өлкөнүн чыныгы коргоочусу болуп калды

Автор -
299

Алмазбек Атамбаев УМКК  кызматкерлерин кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен жана үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Ардак грамоталар жана президенттик сааттар менен сыйлады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө УКМК кызматкерлерин  сыйлыктары менен куттуктап, Кыргызстан элинин атынан өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Алмазбек Атамбаев мамлекеттин  жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зор иштерди аткарган дал ушундай офицерлердин күч-аракети менен УКМК өлкөнүн реалдуу коргоочусу болуп калгандыгын белгиледи. Мамлекет болсо Мекен сакчылыгында тургандар жөнүндө ырааттуу камкордук көргүдөй системаны түзүүгө жетишти.

Президент УКМК кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу кызматтарына ийгилик каалап, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталарын жана президенттик сааттарды тапшырды.

Бөлүшүү