Аптаптуу жайдын келиши менен балдардын кѳпчүлүгү катуу уулануунун айынан ооруканаларга кайрылышууда

Автор -
528

Аптаптуу жайдын келиши менен балдардын  кѳпчүлүгү катуу уулануунун айынан ооруканаларга кайрылышууда. Бул тууралуу мамлекеттик санэпидемиянын кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун адистери журналисттер менен болгон жолугушууда кабарлашты.

Алардын айтуусу боюнча, Бишкек шаарынында жугуштуу оорулардын таралуу деңгээли күн сайын кѳзѳмѳлдѳѳдѳ турат.

“Жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн маанилүү объектилерди  пландуу жана пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп турат. Инфекциялык ооруканага күнүнѳ жогорудагыдай белгилер менен 200гѳ жакын бейтап кайрылат. Ичеги оорулары жана ОРВИ менен келгендердин саны 4 – июнга карата 297ге жетти”, – дейт инфекция адиси Нургуль Молдалиева.

5 айдын ичинде Бишкек шаарында  ичеги оорулары  боюнча 947 адам катталды, алардын ичинен 867си жаш балдар.

“Күндүн ысышы менен май айынын башталгандан тарта жугуштуу оорулар ооруканасына жана үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборуна кайрылуучулардын саны кѳбѳйдү. Буларды алдын алуу үчүн ѳздүк жеке гигиенаны сактоо менен бирге, тамак-аш азыктарын сактоо эрежелерине кѳңүл буруп, кѳчѳлѳрдѳн тамак сатып жегенден алыс болууну эскертебиз. Тамактануунун алдында сѳзсүз түрдѳ колду самындап жуунуну эске алуу жугуштуу оорулардан алдын алууга жардам берет”, – деп мамлекеттик сан-эпидемиялык кѳзѳмѳлдѳѳнүн башкы дарыгери Артур Буюкланов кеңеш берет.

Бөлүшүү