Саламаттыкты сактоо минисрлигинин маалыматы боюнча республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна мурдараак келип түшкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи СУ айылындагы «Боинг-747» авиа кырсыгынан каза болгон 37 жарандын сөөгүнүн өздүгү таанылды.

Авиа кырсыктан кийин каза болгондордун туугандары 34 сөөктүн баарын алып кетишти. Азыркы учурда өлүкканада учактын экипажынын үч мүчөсүнүн сөөктөрү турат.

Азырынча республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна дагы бир экипаж мүчөсүнүн сөөгү алынып келине элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык катталган жайда издөө иштерин улантууда.

Кечээ эртең менен Гонконгдон Стамбулга бараткан учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык учак “Манас” аэропортуна май куюу үчүн конууган аракет кылып, учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн.

Бөлүшүү