Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында бюджеттен жылына 200 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнөт. КТРК баштаган телеканалдар мыйзамды атайлап аткарбай келет. Бардык телеканалдар эртеӊ мененки программаларын орус тилинде көрсөтөт экен, бул туура эмес, талапты катуулатуу зарыл. Анан кантип мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө сөз кылабыз. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Биз телеканалдардын көрсөтүүлөрүнүн 50 пайызы мамлекеттик тилде берилсин деген демилге көтөрүп коюп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун киргизгенбиз. Ал экинчи окууда кабыл алынганына карабастан, андан ары жылбай турат. Мыйзам долбоорун тезинен кабыл алып бербесек, баардык телеканалдардан аны так аткарууну талап кылышыбыз керек», — дейт депутат.

Бөлүшүү