Жогорку окуу жайды бүткөн кыргызстандыктардын 12% гана жакырчылыкта жашашат.

Бул маалымат улуттук статистикалык комитеттин расмий сайтында жарыяланды.

Ал эми диплому жок жарандардын арасында жакыр жашагандардын саны 26%ды түзөт.

Маалыматка ылайык, мектепти гана аяктагандардын арасында жокчулукта жашагандар 28% ды түзсө, билими жок, жазганды, окуганды билбеген ар бир үчүнчү кыргызстандык жакырчылыктан улам күнүнө 152 сомдон ашык корото албайт.

 

 

Бөлүшүү