Быйыл Социалдык өнүгүү министрлиги 690 соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка орноштурат

Автор -
351

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка орноштуруу боюнча иш чараларды дайыма жүргүзүп келет. Бул тууралуу бүгүн, 12 июлда аталган министрликтен маалымдашты.

2017-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга республикада бекитилген квотанын саны 690 жумуш орунду түзгөн, алардын ичинен: Бишкек шаары — 168; Баткен облусу — 79; Чуй облусу — 28; Талас облусу — 119; Нарын облусу — 18; Ош облусу — 18; Жалал-Абад облусу — 139; Ысык-Көл облусу — 43; Ош шаары — 34.

Бүгүнкү күндө Министрликтин аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө 449 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоодо турат, анын ичинен 206 аялдар.

Иш менен камсыз кылуу кызматынын жардамы менен 157 ДМЧА ишке орноштурулган, анын ичинен квоталанган орундарга — 97 ДМЧА (жылдык квотанын 14% түзөт).

Мындан тышкары, активдүү иш-чаралар (акы төлөнүүчү коомдук иштер — 37, кесипке окутуу — 22, чакан насыя — 5) менен 64 адам камтылган.

Ал эми жаштарды ишке орноштуруга көмөктөшүүдө Жаштар эмгек биржасы активдүү иш-чараларды жүргүзүп турат. Аталган мекемеге жыл башынан тартып 5,0 миң адам кайрылса, анын 2,6 миңи ишке орноштурулган.

Бөлүшүү