Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 12-13-январда Баткен облусуна барат.

Өкмөт башчы Баткен шаарына болгон сапарынын алкагында аскер кызматкерлери үчүн турак-жайлардын, Баткен аймактык биофабрикасынын курулушу менен таанышат, № 26-өрт коопсуздугуна каршы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышат жана Калкты тейлөө боюнча борбордун ишмердүүлүгү менен таанышат.

Премьер-министр ошондой эле  Ортобоз айылындагы жаңы балдар бакчасынын ачылыш салтанатына катышат жана Баткен районунун Паскы-Арык айылындагы Муса Кадыр атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Лейлек районунда Сооронбай Жээнбеков райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барат, ошондой эле Тогуз-Булак айылындагы орто мектептин жана Исфана шаарындагы №48-кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Кадамжай районунда өкмөт башчы селден жабыркаган көпүрөнүн реконструкцияланышы менен таанышып, Арпасай айылындагы жемиш питомнигин кыдырып, Какыр айылындагы Т.Исмаилов атындагы орто мектептин курулушун көзөмөлдөп, андан соң Кызыл-Кыя шаарындагы «Манастын» эстелигинин ачылышына катышмакчы.

Бөлүшүү