«Которууларды жүргүзүп – Балиде эс ал!» акцияся

Автор -
291

«РСК Банк» ААК менен «Юнистрим» акча которуу системасы кайтадан өз кардарларын кубантмакчы!

«РСК Банк» менен «Юнистрим» «Тилектер орундалат» акциясынын алкагында 2016-жылдын 1-июнунан 31-декабрына чейин өз карлардарына мындай баалуу белектерин тартуулаган эле: LED экрандуу ТВ, уюлдук телефон, планшет, фотоаппараты, жана эң башкы белеги – Дубаиге эки кишилик жолдомо! Акция катышуучулары менен белек ээлеринен алкыш алды.

Эми 1-марттан тартып «Юнистрим» аркылуу акча которуп, каражат алгандардын арасында «Юнистрим» менен биргеликте уюштурулган жаңы долбоор – «Которууларды жүргүзүп – Балиде эс ал!» аттуу акциясы ишке ашырыла баштаганын кубануу менен билдиребиз.

Баш байге – Жер жүзүндөгү эң мыкты курортордун били – Бали аралына (Индонезия) эки кишилик жолдомо.

Акция төрт орто аралык жана бир негизги этаптан туруп, 2017-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Ар бир орто аралык этаптын жыйынтыгы 3 000RUB/50 USD/50EUR лимитинен ашып түшкөн эң көп акча которуп жана алган 2 жеңүүчү аныкталып, алар белекке IPhone6 моделиндеги уюлдук телефондорун алат. Негизги этаптын жыйынтыгы боюнча 2 жеңүүчү аныкталат – булар Бали аралына эки кишилик эки жолдомонун бактылуу ээси болуп каллмакчы.

Акциянын этаптары:

  • Негизги:

С2017-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин.

  • Орто аралык этаптар:

1-этап – 1-марттан 30-апрелге чейин;

2-этап – 1-майдан 31-июлга чейин;

3-этап – 1-августтан 31-октябрга чейин;

4-этап – 1-ноябрдан 31-декабрга чейин.

Урматтуу кардарлар, Акция 1-мартта башталып, биринчи жеңүүчү 2017-жылдын 15-майында аныкталат. Акцияга катышуу шарттары жөнөкөй – «Юнистрим» боюнча болушунча көп акча которуп, алуу.

Шашылыңыздар!

Урматыбыз менен, «РСК Банк» ААК.

«РСК Банк» ААК кардарларды колдоо кызматы 0 312 911 111.

Бөлүшүү