Кыргызстандын ѳнѳр жай тармагынын 80-90 пайызы Чүй облусу менен Бишкекте басымдуулук кылат

Автор -
967

Кыргызстандын ѳнѳр жай тармагы 80-90%ы Чүй обласы жана Бишкек шаарында басымдуулук кылат. Бул маалыматт Бишкек шаарынын 2016-жылга карата соода жана адам ѳнүгүүсү боюнча Улуттук баяндамада билдирилди.

Доклад ээлеринин айтуусу боюнча, борбор калаада адамдын ѳсүп ѳнүгүүсү башка аймактарга караганда эки эсе жогору. Бул кѳрсѳткүч экономикага түзѳн-түз таасирин тийгизет. Статистикага таянсак, ѳнѳр жай үстѳмдүүлүгү Чүй аймагында 80-90%ын тузүп, биринчи оорунду ээлесе, Жалал-Абад экинчи оорунда турат. Ал эми калган аймактарда ѳнѳр жай ишмердүүлүгү тѳмѳн.

“Бул жылы аяктап жаткан 2013-2017-жж. Улуттук туруктуу ѳнүгүү стратегиясын кабыл алуу жана иштеп чыгуу, Кыргызстандын Борбордук Азиядагы туруктуу ѳнүгүүгѳ кадам таштаган алгачкы ѳлкѳлѳрдѳн экенин далилдѳѳдѳ. ЕАЭБге кошулган үч жылдыкта Кыргызстан 180 миллиондогон базар биримдигинине кѳнүп, жакшы жыйынтыктарды кѳргѳзѳт деген ойдомун.Экономика министрлиги ѳлкѳнүн жана аймактардын ЕАЭБге кошулуу интеграциясынын процессин ишке ашыруучу негизги ѳкмѳт бѳлүмү болуп эсептелет”, – деди КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев.

Эске сала кетсек, кѳрсѳтүлүп жаткан документ үч негизги бѳлүмдѳн турат:

  • Кыргызстандын жана аймактардагы адамдын ѳсүп-ѳнүгүү индекси;
  • Соода тармагынын адам ѳнүгүүсүнѳ жана экономикага болгон таасири;
  • Соода менен экологиянын байланышы.

Жогоруда белгилегендерден тышкары, баяндамада соода тармагынын адам ѳнүгүүсүнѳ жана анын негизги түзүүчүлдѳрүнѳ тийгизген таасири – билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономика жана социалдык теңсиздик тармактары боюнча суроолор каралды.

Бөлүшүү