Меккедеги «Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр» Вакф мекемеси Кыргызстандык ажыларга 1500 орун берди

Автор -
315

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Мекке шаарындагы «Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр» Вакф мекемелеринин жетекчиснин орун басары Мухаммад Амин Мирза, Вакфтын кызматкерлери Абдулло Ислам, Мухаммад Мирза Аалим менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында 2017-жылдагы Кыргызстандык ажыларды мейманкана менен камсыздоо жана тейлөөнү жакшыртуу, ар бир ажы жайгашкан бөлмөлөрдө аба муздаткычтарынын болуусу жана шарттары туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыйык орозо айлары менен куттуктап, 2016-жылы ажыларга жогорку деңгээлде кызмат көрсөткөндүгү үчүн «Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр» Вакф мекемелерине кыргызстан ажыларынын, Муфтияттын жана өзүнүн атынан терең ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн достук алакаларынын бекемлелишине жана дүйнөнүн ар тарабынан келген ажыларга ар дайым сапаттуу кызматын мындан ары дагы көрсөтүшүнө тилектештигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сауд Араб Падышачылыгынынын Ажылык министрлигинин алдындагы «Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр» Вакф мекемеси Кыргызстандык ажылар үчүн 1500 орунду камсыз кылышаарын айтып, жатканада бардык шарттар коюларын баса белгилешти.

Эскерте кетсек 2016-жылы Кыргызстандык ажыларды «Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр» мекемеси 1300 орун менен камсыздаса, «Азия Усто» мекемеси ажыларга 2385 орун берген. Аталган мейманканалардын бардыгы Мекке шаарындагы ыйык «Харам» мечитине жакын жайгашып, ажылардын барып келүүлөрү үчүн кыйынчылык жараткан эмес.

Бөлүшүү