МСК ушул жылдын 4 айында 3,6 млрд сом жашыруун салыктарды бюджетке кошуп эсептеген

Автор -
0
444

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан берки жүргүзүлгөн ишкерлерге болгон салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 3 млрд 652,8 млн сом өлчөмүндөгү азайтылган (жашыруун) салыктарды бюджетке  кошуп эсептеген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 738 млн сомго көп (125%), ал жылы салыктык текшерүүнун жыйынтыгы боюнча кошуп эсептелген сумма 2 млрд 914,8 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары, ушул жылдын 4 айында салыктык текшерүүнун материалдары боюнча кошуп эсептелген суммалардын (өткөн жылдагы акт боюнча жоюуну кошкондо) 1 млрд 323,4 млн сому жоюлган.2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жоюунун көрсөткүчү 453,7 млн сомго (152%) көбөйгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү