Бишкек шаарынын мэрлигине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин арызын канааттандырбаганы үчүн аталган партия Борбордук шайлоо сотко берет.

Бул тууралуу аталган партиянын катчылыгы билдирди.

Нурлан Абдылдаев мэр шайлоо эрежеге ылайык өтпөгөнүн, шаардык кеңештин сессиясы убагында башталбаганын далилдеген документтерди жана видеолорду көрсөткөн. Добуш берүү бюлеттендеринин арасынан жети кагазда эрежеге дал келбеген жазуулар болгону тууралуу маалымдаган. Ошондой эле Албек Ибраимовдун тарапташтары уюштурган митингди добуш берүүчүлөрдүн эркине басым жасоо катары баалоо сунушу айтылганын маалымадады.

БШК арызды 18-январда карап, канааттандырган эмес.

Бөлүшүү