Ошто уй этинин баасы 20-30 сомго арзандайт

Автор -
398

Бүгүн, 20-июнда Ош шаардагы сатылып жаткан уй эттинин баасын арзандатуу боюнча атайын жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, экономика жана каржы бөлүмүнүн өкүлдөрү, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош шаарындагы бөлүмүнүн, шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчылары, аймактык кеңешинин төрагалары, эт сатуучу дүкөндөрдүн ээлери катышты.

Топчубаев экинчи борбор калаадагы этке болгон бааны көтөрүлүшү карапайым элге оордук келээрин айтып, 20-30 сомго арзандатууну сунуштады.

“Акыркы күндөрү шаарда эттин баасы жогорулап, 320-330 сомдон болуп жатат. Эл капчыгын да ойлошубуз керек. Андыктан Ош шаарынын мэриясы атайын комиссиялык топ түзүп, мониторинг жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында малдын этин 300сомдон сатуу боло тургандыгы аныкталды. Башка шаарларда да мал этинин баасы 300 сомдон сатылып жатат”, – деди Топчубаев.

Жыйындын соңунда мындан ары эттин баасы 300 сомдон гана сатылары тууралуу токтом кабыл алынды. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери нарктын бир баада турушун көзөмөлгө алып турары айтылды. Ошондой эле эт сатуучу жайлардын тазалыгын көзөмөлдөө шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына тапшырылды.

Бөлүшүү