Салык кызматы беш айда 27,7 млрд сомдон ашык салык чогултту

Автор -
682

2017-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 27 млрд 790,9млн сом суммада салыктар чогултулду. Коюлган план 100,2 пайызга аткарылып, 66,5млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 млрд 651,7 млн сомго же 10,5 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда сатуу салыгын кошпогондо (ал боюнча 2016-жылы бошотуулар берилген) келип түшүү 4 млрд 36,2 млн сомго же 18,2 пайызга көбөйгөн.

Бөлүшүү