Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 27 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жоюу мөөнөтүн 2017-жылдын 1-апрелинен 2021-жылдын 1-январына чейин жылдырды.

РИА Новости агенттиги жазгандай, өткөн жылдын декабрында Мирзиёев өлкөгө 30 күндөн ашык эмес мөөнөткө кирген туристтер үчүн визаларды жоюуну сунуштаган жарлыкка кол койгон. Ал ошондо эле профилдик министрликтер менен мекемелерге 2017-жылдын 1-январына чейин бирдиктүү туристтик визаларды киргизүү, ошондой эле виза алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырган.

Документте визаларды жоюу мөөнөтүн жылдыруу чечими «туристтик ишмердүүлүктүн туруктуу өнүгүүсү жана чет өлкөлүк туристтер менен жергиликтүү тургундардын коопсуздугу менен саламаттыгын камсыздоо үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү максатында кабыл алынгандыгы» айтылат.

Визалык режимди жоюу мөөнөтүн жылдыруу тууралуу сунуш ыйгарым укуктуу органдар тарабынан даярдалган.

Жарлыкка ылайык, чет өлкөлүк туристтерди паспорт жана бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболорду киргизүү да 2021-жылдын 1-январына чейин жылдырылат.

Бөлүшүү