12-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу

Автор -
212

Эртеӊ, 12-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 7…12; күндүз 21…26.

​12-июнда Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 28…30 градус жылуу болот.

Эскерте кетсек, ӨКМ кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү тараткан. 

Бөлүшүү