13-апрелге карата аба ырайы: Бишкекте +23 градус жылуу болот

Автор -

    “Кыргызгидромет”  ушул күндөрү өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертти. Дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.

    13-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге жетет.

    Абанын температурасы:

    Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,

    Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,

    Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

    Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17,

    Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17,

    Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…5.

    Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7, күндүзгү жогорку температурасы 21…23 градус жылуу болот.

     

    Бөлүшүү