14-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

14-15-июндарда туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүзү 27…29 болот.

Бөлүшүү