14-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт

Автор -

Бүгүн, 14-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу  Кыргызгидромет борборунан кабарлашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20,

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,

Бүгүн Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 18…20 градуска чейин жетет.

 

Бөлүшүү