16-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
222

16-майда КРдин көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы;

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,

Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градус болот.

Бүгүн, Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 21…23 болот.

Бөлүшүү