19-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

19-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34,

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 25…30,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус жылуу болот.

Бөлүшүү