19-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
212

Эртеӊ, 19-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Чүй, Талас облустарында жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Таласта түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Ош, Баткен , Жалала-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;

Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;

19-майда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы +10…+12, күндүзгү жогорку температурасы +21…+23 градус жылуу.

 

Бөлүшүү