200 миң доллар пара алууга шектелип кармалган прокуратура кызматкери ооруканага түштү

Автор -
0

200 миң доллар пара алууга шектелип кармалган прокуратура кызматкери Улан Чалбаев ооруканага түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Улан Чалбаев кан басымы көтөрүлгөнүнө байланыштуу ооруканага жаткырылды. Калган маалыматтар айтылбайт», — деди УКМКнын басма сөз кызматы.

Эске салсак, кечээ, 16-апрелде Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү