25-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Тоолуу райондордо нөшөр болуп, кар жаашы мүмкүн. Ушундай эле аба ырайы күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында болот. Бийик тоолуу райондордогу жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетет.

Нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында дарыялар ташып, суу кирет.

Абанын температурасы:

Чүй, Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 10…15;

Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Түнкүсүн 10…12, күндүз 12…14 градус.

Бөлүшүү