Аба ырайы: Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

Автор -
271

20-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын түнкү температурасы 18…20, күндүз 26…28 градус болот.

Бөлүшүү