Абылгазиев: 2017-жылы мигранттардан 2,4 миллиард доллар которулду

Автор -
219

2017-жылы өлкө экономикасында туруктуулук байкалып, иш жүзүндө өсүшү 4,6 пайызды түздү. Инфляция 3,7 пайыздын тегерегинде болду. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жетекчилери катышууда.

Премьер-министрдин айтымында, өткөн жылы кыргызстандык эмгек мигранттарынын акча которуусу 2 млрд 400 млн сомго жетип, 24 пайызга өскөн.

«2017-жылы өлкө аймагында 339 өзгөчө кырдаал болуп, 1 млрд 700 млн сом көлөмүндө зыян келтирилген. Ошону менен бирге, өткөн жылы калкыбыздын мамлекеттик камсыздандыруу компаниясына карата ишеними өстү. Эгерде 2016-жылы 10 миӊ макулдашуу түзүлсө, кийинки жылы 65 миӊге жетти», — дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан тышкары, 2017-жылы жол курулушу менен жол оӊдоого жалпысынан 4,4 млрд сом, анын ичинде республикалык бюджеттен 2,4 млрд сом бөлүнгөнү, айыл чарбасын каржылоо программасынын алкагында 515 миӊ товар өндүрүүчүгө 6,6 млрд сом өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя каражаты берилгени белгилүү болду.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан Жогорку Кеӊештин кароосуна 160 мыйзам долбоору киргизилип, анын ичинде 146 мыйзам кабыл алынганын билдирди.

Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчетун талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

 

 

Бөлүшүү