Абылгазиев Бишкек шаардык ЖЭБдин кыш мезгилине карата даярдык иштерин текшерди

Автор -

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 30-майда, Бишкек шаардык ЖЭБге жумушчу сапар менен барды, анда ишкананы келерки жылытуу мезгилине даярдоо боюнча оңдоо иштеринин жүрүшү жана турбиналык жана буу казандар цехинин, жаңы блоктордун машиналык залдарынын жана Бишкек шаардык ЖЭБинин негизги башкаруу щитинин иши менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Андан соң ал химиялык суу тазалоочу цехтин курулушу үчүн каралган тилкени көрүп чыкты. Учурда аталган тилкедеги монтаждык иштер архитектуралык-пландаштыруу шарттарын алуу зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын чечими менен токтотулган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев химиялык суу тазалоочу цехтин курулушун белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышын камсыздоо үчүн макулдашуу жана тийиштүү уруксаат документтерин алуу маселесин тездетүүнү тапшырды.

ЖЭБ директору Андрей Воропаев маалымдагандай, жылуулук борборун модернизациялоо негизинен электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмүн жогорулатууга багытталган.

«ЖЭБдеги жылуулук энергиясын иштеп чыгуу кубаттуулугу мурдагы бойдон калды», — деди Андрей Воропаев.

Ал ошондой эле «ТВЕА» компаниясы менен келишимдин негизинде жаңы блокторду иштетүүнүн кепилдик мөөнөтү 12 айды түзөрүн билдирди. Калган сапат кепилдиги мезгилин түзгөн 12 айда Бишкек ЖЭБ кызматкерлери «ТВЕА» компаниясынын персоналынын көзөмөлүндө иш алып барат.

Өкмөт башчы жылуулук борборун башкаруу үчүн жергиликтүү адистерди окутуу зарылдыгын белгиледи.

Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, энергетикалык компанияларга жана кызыкдар мамлекеттик органдарга Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө боюнча ведомство аралык комиссиянын Корутундусун аткаруу боюнча чараларды кабыл алууну, ошондой эле антикризистик иш-чаралар планын так сактоону тапшырды.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» жана «Электр станциялары» ачык акционердик коомдорунун жаңы дайындалган жетекчилери келерки жылытуу мезгилинде үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо максатында тийиштүү оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча жыйынтык чараларды кабыл алуусу тийиш», — деп белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бөлүшүү