Абылгазиев Кочкор районундагы мектептин курулушуна капсула коюу аземине катышты

Автор -
316

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Аталган мектеп райондук борбордон 30 км алыстыкта жайгашкан. Ал 2 окуу корпусунан турат жана анда 136 бала билим алат. Учурда мектептин шыбынан жана дубалдарынан жарака кеткен. Мындан тышкары, мектеп имараты сейсмикалык талаптарга жооп бербейт.

2017-жылдын 27-февралында аталган имаратта окуу процессин улантуу окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуулук жарата тургандыгы тууралуу чечим чыгарылган.

Өкмөт башчы Ара-Көл айылынын тургундары алдында мамлекеттик органдар өлкө жарандарынын сапаттуу билим алуусуна жеткиликтүүлүгүн тийиштүү түрдө камсыздоо үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоосу керектигин белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев аймактарды өнүктүрүү Өкмөт ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары саналаарын белгиледи.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрү бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүшү тийиш. Ар бир айылда кичи жана орто бизнес ишканалары болушу шарт», – деди ал.

Премьер-министр ошондой эле келечек муунга тарбия берүү маселесин козгоду.

«Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө байланыштуу кайгылуу окуя биз үчүн аялдарды никеге күчтөп тургузууга карата мамилени өзгөртүүгө чакырык болуп калды. Үй-бүлө куруу маселесине олуттуу жоопкерчилик менен кароо керек», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган окуу жайын куруу үчүн 10 млн сом бөлүүнү тапшырды.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун иши менен таанышты.

Сүттү кайра иштетүүчү ишкана жетекчисинин маалыматына ылайык, продукция жергиликтүү фермерлерден сатылып алынат. Завод 50 адамды жумушчу орун менен камсыз кылат. Жайкысын суткасына 4,5 тоннага чейинки сүт кайра иштетилет. Өндүрүлгөн продукция өлкөнүн ички рыногунда сатылат.

Учурда заманбап талаптарга жооп берген жаңы сүт заводунун курулушу жүрүүдө. Лизингдик программанын негизинде жабдуу алууга жеңилдетилген кредит алынган. Курулуш аяктаган соң, аталган заводдун сүттү иштетүү боюнча кубаттуулугу суткасына 15 тоннаны түзүп, 100 чейинки жаңы жумушчу орундары пайда болот.

Өкмөт башчы белгилегендей, мындай ишканалардын санынын көбөйүшү өлкө аймактарынын өнүгүүсүнө жагымдуу таасирин тийгизет. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлердеги ишкерлерге колдон келген көмөктү көрсөтүүсү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле анын айтымында, өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу үчүн алдыңкы технологияларды киргизүүгө көңүл буруп жана жергиликтүү ишкерлер арасында өз ишинде заманбап ыкмаларды пайдалануусу боюнча түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү зарыл.

Премьер-министр мындан тышкары Өкмөттүн «Биримдик, ишеним, жаратмандык» программасынын жана 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Аймактык саясат концепциясы алкагында өнүгүү борбору эсептелген 20 шаар аныкталгандыгын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бул иштер калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, аймактарды адистештирүүнү киргизүү жана аны өнүктүрүү, аймактарда сапаттык мамлекеттик тейлөөнү көрсөтүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү жана ар бир аймакты өнүктүрүүгө жеке мамилени калыптандыруу максатында жасалууда.

Мындан тышкары, Премьер-министр Кочкор райондук ооруканасына барды. Мухаммедкалый Абылгазиев курулушу каражаттын жоктугуна байланыштуу токтотулган жаңы корпустун имаратын көрүп чыкты. Өкмөт башчы тийиштү мамлекеттик органдарга каржылоо маселесин карап чыгууну тапшырды.

Бөлүшүү