Айбек Калиев тергөө аягына чейин камакка алынды

Автор -
222

2018-жылдын 19-апрелинде “Бишкек шаарынын ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын мурунку төрагасы Айбек Калиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыбы угузулду. Бул тууралуу КР МУКК басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту А.Калиевге карата тергөө аягына чейин МУКК ТКЖ камака алуу тууралуу баш коргоо чарасын карады.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Бөлүшүү