Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтү» тасма болуп тартылат

Автор -
276

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 18-майда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Чыңгыз Айтматов – атамекендик жана дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка көрүнүктүү салым кошуу менен бизди, кыргыздарды жана Кыргыз Республикасын бүт дүйнөгө тааныткан адам. Жазуучунун инсандык кеңдигин эске алуу менен бардык маарекелик чаралар эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлүшү керек»,- деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маарекелик иш-чараларды өткөрүү Планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары жазуучунун туулган жери Талас облусунун Шекер айылында «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин жакшыртылган концепциясын түзүү сынагынын жеңүүчүсү болгон архитектордун долбоору сунушталды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын өлкө ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары жайылтуу боюнча аракеттерди активдештирүү зарылдыгын баса көрсөттү.

«Чет өлкөдө жашаган мекендештерибиздин арасында Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдөө маселесине өзгөчө көңүл буруу кажет. Мекенинен алыста жашагандыктарына карабастан, биздин мекендештерибиз Чыңгыз Төрөкулович ким экенин билип, эстеп жүрүүлөрү керек»,- деди Өкмөт Башчы.

Жыйындын жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү буйрук даярдоо менен “Чыңгыз-Ордо” комплексинин курулушун республикалык бюджеттен каржыланган объектилерине киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментине Саха Республикасы (Россия) менен биргеликте жүргүзүлүүчү Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча тасма тартуу иштерин тездетүү тапшырылды.

Бөлүшүү