АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыкты

Автор -

АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин курамынан чыкты. Бул тууралуу шейшембиде АКШнын Улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Мамлекеттик департаментте сүйлөп жатып билдирди.

Хейли Кеңешти авторитардык өлкөлөрдөгү адам укуктарынын одоно бузулуп жатканына көңүл бурбай, ошол эле маалда Израилди дайыма сындап келет деп айыптады. Ал ошондой эле Кеңешти реформалоого тоскоол кылып жаткан өлкөлөр катары Куба, Орусия, Кытай, Египет жана Венесуэла мамлекеттерин атап, АКШнын союздаштарын статус-квого олуттуу чакырык жасоону каалабай жатат деп жемеледи.

АКШнын укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү Дональд Трамптын администрациясынын бул чечимине өкүнүчүн билдиришти. 12 уюмдун өкүлдөрү биргелешкен билдирүү жасашып, АКШнын Адам укуктары боюнча кеңеште жок болушу — «адам укуктарын бекемдөө жана дүйнө боюнча жабыркагандарга жардам берүүнү кыйла оорлото» турганын белгилешти.

Кошмо Штаттар кеңештин ишине катышуудан 2006-жылы, ал түзүлгөндө эле баш тарткан. Бирок Барак Обама президент болуп турганда АКШ кеңешке мүчө болуп кирген.

Бөлүшүү