Ала-Арча капчыгайында мөңгүдөн Швейцариялык альпинист кулап кетти

Автор -
0

Ала-Арча капчыгайынын Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнөн альпинист кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат 23:00 чамасында Н.М. аттуу адам Ала-Арча капчыгайынын Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнөн альпинист кулап түшкөнүн ӨКМга кабарлаган. Кулаган адам 32 жаштагы Ж.Б. аттуу Швейцариянын жараны экени белгилүү болду.

«Жабырлануучуну куткарууга тик учак жөнөтүү маселеси каралды. Күбөнүн билдиргенине караганда, кулаган адам Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнө жакын жайгашкан, мурдагы тоо-лыжа базасынын алачыгында турат», — деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү