Ала-Бука районунда катуу жаан менен кошо мөндүр жаады (ФОТО)

Автор -
0

2018-жылдын 8-июнь күнү болжол менен саат 14:15тен 14:35ке чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мөндүр аралаш катуу жаан жааган.

ӨКМ тараткан маалыматтар боюнча Ала-Бука районунун Ашла-Бука айыл аймагында катуу жааган мөндүр аралаш жаандан турак-үйлөр жана адамдар жабыркаган эмес.

Жерине барып тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылдын 8-июнь күнү саат 15:00дө Тогуз-Торо району боюнча ӨКМдин бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу улук лейтенант Д.Тайиралиев жетектеген ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетишкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү