“Ала-Тоо” аянтынын аймагы жаңы гүл композициялары менен кооздолду

Автор -
0

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) кызматкерлери “Ала-Тоо” аянтынын аймагын жаңы гүл композициялары менен кооздошууда. Көпөлөк жана “төгүлгөн” кереметтерден турган гүл композициялары Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги сүрөт галлереясынын тушунда жайгашат.

Отургузуу үчүн гүлдүн бир нече түрү тандалып алынган.

Баса, “Тазалык” МИнин кызматкерлери тарабынан борбордук “Ала-Тоо” аянтына саат түрүндөгү гүл композициясы отургузулган.

Бишкек шаардык мэриясы “Тазалык” МИнин кызматкерлеринин эмгегине аяр мамиле кылып, жасалган сулуулуктарды бузбоону суранат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү